Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Кыргызстандык үч калыс Азия оюндарында калыстык катышат
15.09.2026 | 14:29

Кыргызстандын Күрөш федерациясынын үч калысы Жапонияда өтө турган Азия оюндарында калыстык кылуу укугуна ээ болушту. Бул тууралуу аталган федерация маалымдады.
Маалыматка ылайык, күрөш боюнча мелдештерде Мухамедали Абитов, Куват Ахметов жана Абдымитал Жумабеков калыстык кылышат.
Азия оюндары 30-сентябрдан 3-октябрга чейин Жапониянын Нагоя шаарында өтөт. Ага Кыргызстандан 30 спорттун түрү боюнча 170 спортчу катышат. Анын ичинен күрөштүн 3 түрү боюнча 14 спортчу катышат. Алар:
Грек-рим күрөшү:
- Жоломан Шаршенбеков (60 кг);
- Раззак Бейшекеев (67 кг);
- Акжол Махмудов (77 кг);
- Асан Жанышов (87 кг);
- Үзүр Жусупбеков (97 кг);
- Мурат Ботоев (130 кг);
Эркин күрөш:
- Бекзат Алмаз уулу (57 кг);
- Эрназар Акматалиев (65 кг);
- Орозбек Токтомамбетов (74 кг);
- Малик Шаваев (86 кг);
- Арсланбек Турдубеков (125 кг);
Кыз-келиндер күрөшү:
- Сезим Жуманазарова (62 кг);
- Мээрим Жуманазарова (68 кг);
- Айпери Медет кызы (76 кг);
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт
Теги: Азия оюндары