Стамбул шаарында Кыргыз киносунун күндөрү өтөтОш шаарынын Кызыл-Байрак айылында 500 орундуу мектеп курулатМоюнга сайган: Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалдыӨзбекстанда аял 30 жыл бою СССРдин паспорту менен жашаганЫсык-Көлдө 501 млн сомдук «Кырчын» турбазасы мамлекетке өттү21-мартта Бишкекте Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чаралар өтөт (программа)
Бишкек – Ош жолунда жаранды сабаган шектүү кармалды
28.03.2023 | 13:01
Жалал-Абад облустук милициясы тарабынан мурда бир нече жолу соттолгон жаран облус тургунун сабоого шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, буга чейин милициягы А.Л. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 21-февралда болжол менен саат 21:30да Сузак районунун аймагынан өткөн Ош-Бишкек автожолундагы айлампада “Эдик” аттуу адам шериктери менен бети-башына уруп, сабаган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон Шайдан айыл аймагынын 35 жаштагы С.А. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз