Өзбекстанга 13 тыйын чычкан ташып бараткан киши кармалды — видео

Өзбекстанга 13 тыйын чычкан ташып бараткан киши кармалды — видео

Кыргызстандан 13 тыйын чычкан ташып бара жаткан Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 27-мартта «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары мамлекеттик чек арадан тыйын чычкандарды мыйзамсыз алып өтүүгө бөгөт коюшту.

Чек ара көзөмөлүнөн өтүү учурунда Өзбекстандын 1979-жылы туулган жараны М.М. кармалган. Өзбекстандык жаран 13 тыйын чычканды өз өлкөсүнө мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган.

Торчолор үч рюкзакка салынып, үстүнө жеке буюмдары менен жабылган. Ошол эле учурда Өзбекстандын жаранында тыйын чычкандарды алып өтүү үчүн документтер болгон эмес.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин жаран жана андагы аныкталган тыйын чычкандар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>