Кыргызстандын элчилиги Орусия ТИМине нота жөнөттү: кыргызстандык алдамчылыкка кабылганБир жылда 304,9 миң кыргызстандык насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматынан пайдаланганДастан Бекешев: Бишкектеги күркөлөргө тыюу салуу ири соода түйүндөрүнө гана пайдалууКриштиану Роналду Португалия курамасындагы карьерасын аяктаганын жарыяладыКыргызстандагы баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүүгө 15 млн доллар бөлүнөтАлдамчылыкка айыпталган жаран Грузияда кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланды
Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы жокко чыкты
19.05.2021 | 22:47
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жыйындын жүрүшүндө Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табуу тууралуу чечимин колдоду.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова белгилегендей, өлкө туруктуулукка жана өнүгүүгө карай умтулушу керек, өз кезегинде шайлоо ачык-айкын жана таза өтүшү зарыл.
Белгилей кетсек, буга чейин административдик сот Токмок шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат