АКШдан Кыргызстанга баңгизат ташууга шектелген жаран кармалып, өлкөгө алынып келинди

АКШдан Кыргызстанга баңгизат жана психотроптук заттарды жөнөтүү каналын уюштурууга шектелген кыргызстандык жаран кармалды. Ал ошондой эле АКШдан Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Интерполдун Кыргызстандагы Улуттук борбордук бюросунун катышуусунда жана АКШнын Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын (DEA) көмөгү менен жүргүзүлгөн.
Тергөөнүн маалыматында, кармалган жаран 2024-жылдын башында АКШда жүрүп, марихуананы жана психотроптук заттарды сатып алып, товарлардын ичине жашырып, тааныштарынын атына эл аралык почта аркылуу Кыргызстанга жөнөтүп турган. Аталган жөнөтмөлөрдү алган жарандар баңгизаттарды Бишкек шаарында жана Чүй облусунда сатууну уюштурушкан.
ИИМ учурда бул факт боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп, мыйзамсыз аракеттерге катышы бар башка адамдарды аныктоо иштери уланып жатканын билдирди.