Депутат тез жардам унааларын ылдамдыкты ашырганы үчүн айыпка жыкпоону суранды

11.11.2026 | 13:32
Депутат тез жардам унааларын ылдамдыкты ашырганы үчүн айыпка жыкпоону суранды — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда тез жардам унааларынын айдоочуларына шашылыш чакырууларга бара жатканда да ылдамдыкты ашырганы үчүн айып пул салынып жатат. Бул көйгөйдү Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гүлнара Акимбаева көтөрдү.

Анын айтымында, Кемин районунда эле акыркы эки жылда тез жардам унааларынын айдоочуларына жалпы суммасы 60 миң сомдон ашык айып пул салынган.

Депутат камералар ылдамдыкты ашырууну каттаганы менен, медициналык кызматкерлер бейтаптын өмүрүн сактап калуу үчүн шашылыш чакырууга бара жатканын эске албай турганын белгиледи.

Акимбаева мыйзамда өтө зарыл учурларда жоопкерчиликтен бошотуу каралганын эске салды. Бирок иш жүзүндө бул норма толук колдонулбай жатканын айтты.

Буга байланыштуу ал Ички иштер министрлигинен салынган айып пулдарды текшерип, камералардын маалыматтарын тез жардам кызматынын чакырууларды каттоо журналдары менен салыштырууну жана негизсиз чыгарылган токтомдорду жокко чыгарууну суранды.

Мындан тышкары, депутат келечекте мындай учурлардын алдын ала турган механизмди иштеп чыгууну сунуштады.

Ошондой эле Башкы прокуратураны бул маселени көзөмөлгө алып, кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун камсыз кылууга чакырды.

Scroll to Top