Бишкек шаарынын 8-кичи районундагы үйлөрдүн биринен бекинген боюнча каза тапкан эркектин сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлинин басма-сөз кызматы бул маалыматты таратты.
Калаа куткаруучулары кабар келээр замат шектүү үйгө келгенде эшиги бекем болгон. 4 кызматкер эшикти ачып киргенде, кишинин денеси табылган. Териштирүүнүн жыйынтыгы менен 1950-жылы П.И. аттуу жаран экени такталган.
Сөөктү шаардык милицияга өткөрүп беришкен.