Бишкекте 100 миң сом жардам алгандар кандай иштерди башташты?

17.07.2023 | 16:42

Бишкек шаарынын Октябрь районунда «Социалдык келишим» программасынын аткарылышын көзөмөлдөө улантылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Октябрь районунун акиминин орун басарлары 2022-жылы социалдык келишимдин негизинде жеке ишкерликти баштоо үчүн өкмөттөн 100 миң сом алган үй-бүлөлөр менен баарлашты.

Ишкерликти баштаган үй-бүлөлөр өздөрүнүн жетишкендиктери, ошондой эле кандай тоскоолдуктарга туш болгонун айтып беришти.

2022-жылы социалдык келишимдин негизинде Октябрь районунун 71 аз камсыз болгон үй-бүлөлөрү төмөнкү багыттар боюнча иш баштаган:

– тигүүчүлүк, үй шартында тигүүчүлүк – 40 (56,3%);

– сатып алуу жана сатуу (кийим-кече, жер-жемиштер) – 13 (18,3%);

– такси кызматы – 3 (4,2%);

– таттууларды өндүрүү жана сатуу (торттор, печенье ж.б.) – 6 (8,4%);

– сүрөт тартуу, фото, видео тартуу, кулак тешүү, саймачылык, самын жасоо жана башка иштер – 9 (12.6%).

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top