Садыр Жапаров иш сапар менен Сауд Арабияга барат

Садыр Жапаров иш сапар менен Сауд Арабияга барат

Президент Садыр Жапаров 18-20-июлда Сауд Арабиянын Падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен “Борбор Азия — Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши” аттуу мамлекет башчыларынын биринчи Саммитине катышуу үчүн Сауд Араб Падышалыгына жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анын айтымында, иш-чаранын алкагында өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда региондор аралык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

“Сапардын алкагында президенттин Булуңдагы араб мамлекеттеринин башчылары менен эки тараптуу жолугушуулары да пландалган.

Белгилей кетүүчү нерсе, бул региондордун тарыхында мамлекет башчыларынын ушул форматтагы биринчи Саммити», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>