Бишкекте 100 миң сом жардам алгандар кандай иштерди башташты?

Бишкекте 100 миң сом жардам алгандар кандай иштерди башташты?

Бишкек шаарынын Октябрь районунда «Социалдык келишим» программасынын аткарылышын көзөмөлдөө улантылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Октябрь районунун акиминин орун басарлары 2022-жылы социалдык келишимдин негизинде жеке ишкерликти баштоо үчүн өкмөттөн 100 миң сом алган үй-бүлөлөр менен баарлашты.

Ишкерликти баштаган үй-бүлөлөр өздөрүнүн жетишкендиктери, ошондой эле кандай тоскоолдуктарга туш болгонун айтып беришти.

2022-жылы социалдык келишимдин негизинде Октябрь районунун 71 аз камсыз болгон үй-бүлөлөрү төмөнкү багыттар боюнча иш баштаган:

— тигүүчүлүк, үй шартында тигүүчүлүк — 40 (56,3%);

— сатып алуу жана сатуу (кийим-кече, жер-жемиштер) — 13 (18,3%);

— такси кызматы — 3 (4,2%);

— таттууларды өндүрүү жана сатуу (торттор, печенье ж.б.) — 6 (8,4%);

— сүрөт тартуу, фото, видео тартуу, кулак тешүү, саймачылык, самын жасоо жана башка иштер — 9 (12.6%).

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>