Кыргызстанда аба ырайы +38°Cге чейин ысыйт: 29-августка карата аба ырайынын божомолу

29-августка караган түнү Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Ош облусунун тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана өлкөнүн калган аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Шамал батыштан согуп, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт, күндүз айрым жерлерде 15-20 м/секундага чейин күчөшү мүмкүн.
Чүй облусунда түнкүсүн 15…20°C, күндүз 33…38°C;
Талас облусунда түнкүсүн 10…15°C, күндүз 28…33°C;
Ош облусунда түнкүсүн 17…22°C, күндүз 32…37°C;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 17…22°C, күндүз 32…37°C;
Баткен облусунда түнкүсүн 17…22°C, күндүз 32…37°C;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15°C, күндүз 25…30°C;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10°C, күндүз 27…32°C;
Бишкекте түнкүсүн абанын температурасы 17…19°C, күндүз 33…35°C болот.
Чолпон-Атада түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Шамал батыштан согуп, ылдамдыгы секундасына 4-9 метр болот. Түнкүсүн абанын температурасы 13…15°C, күндүз 25…27°C түзөт.