Кыргызстанда брондолгон унааларды өндүрүү долбоору ишке ашырылуудаКыргызстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүү аяктады — тизмеПутиндин Кремлде Уиткофф жана Кушнер менен сүйлөшүүлөрү — негизгилери13-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жана кар жаайтКлара Сооронкулова президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиӨкмөттө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу чаралары талкууланды
Кыргызстанда брондолгон унааларды өндүрүү долбоору ишке ашырылууда
13.11.2026 | 10:16

Кыргызстанда аскердик жана жарандык багыттагы жеңил брондолгон унааларды өндүрүү жана чогултуу долбоору ишке ашырылууда. Ага тартылган инвестициянын көлөмү 10 млн долларды түзөт. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган долбоорду «С.М. ИЛБИРС» ЖЧКсы ишке ашырууда. Ал ишке кирсе, 30 жумуш орду түзүлөт.
12-ноябрда улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров долбоордун ишке ашырылышы менен таанышуу үчүн ишканага барган. Анда долбоордун аткарылуу абалы, ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жана өндүрүштү өнүктүрүүнүн келечеги талкууланган.
Улуттук агенттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүнү жана инвесторлорду коштоону улантарын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика