УКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасадыАнтимонополдук кызмат: Кыргызстанда КММ бааларынын кескин көтөрүлүшү күтүлбөйтКыргызстанда тоок жумурткасынын баасы турукташтыКыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Кытайдагы Азия чемпионатына катышат
Бишкекте 4 миң милиционер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө
25.10.2023 | 17:55
Бишкекте 25-27-октябрь күндөрү ШКУга, КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарын өткөрүү учурунда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн 4 миңге жакын милиция кызматкерлери тартылган.
“Урматтуу жарандар, бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда коомдук коопсуздукту камсыздап жаткан милиция кызматкерлеринин талаптарын туура түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз”, – деп билдирет министрлик.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом