Садыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине бардыБишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө 3-октябрда унаа кыймылы убактылуу чектелетКыргызстанда мамлекеттик органдардын ички аудитин күчөтүү сунушталууда«Бишкек Арена» стадионунун ачылышына карата шаарда акысыз автобус каттамдары уюштурулатЖККУда нацизмдин кылмыштары тууралуу тарыхый чындыкты коргоого чакырыштыМэрия: «Мадинагы» өрттүн чыгымы боюнча алдын ала эсептер укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди
Бишкекте 4 миң милиционер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө
25.10.2023 | 17:55
Бишкекте 25-27-октябрь күндөрү ШКУга, КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарын өткөрүү учурунда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн 4 миңге жакын милиция кызматкерлери тартылган.
“Урматтуу жарандар, бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда коомдук коопсуздукту камсыздап жаткан милиция кызматкерлеринин талаптарын туура түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз”, – деп билдирет министрлик.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом