Бишкек мэри: Генпланга шылтабай элге жапырт кызыл китеп бергиле

Бишкек мэри: Генпланга шылтабай элге жапырт кызыл китеп бергиле

Бишкектин мэрия Эмилбек Абдыкадыров бүгүндөн баштап шаардын жаңы конуштарындагы үйлөрдүн ээлирине кызыл китеп берүүнү тапшырды. Бул тууралуу ал жер мунапысын ишке ашыруу боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун кеңешмесинде билдирди.

Ал буга  чейин мыйзамсыз делип келген жер тилкесинде жашап жана ээлик кылып жаткан баардык жарандардын укуктарын мыйзамдаштыруу керектиги айтты.

«Бул багыттагы иштер «карап жатабыз» деген куру сөз менен созулуп кетип жатат. Эгер башкы план шылтоо болуп, анда башка жолдорун карай турган болсок анда мунапыстын деле кереги жок эле.

Мунапыс, мына ошол элдердин мыйзамдуу жер укугуна ээ болуусу үчүн чыгарылып жатат.  Салынган үйлөрдү буза албайбыз. Башкы планга шылтабай, кандай болсо ошондой жолу менен карап туруп, элдерди кыйнабай маселени чечип, кызыл китептерин берип, анан башкы планды бир жылбы, эки жылбы жасай берсек болбойбу?» — деди мэр.

Эмилбек Абдыкадыров шаардын аткаминерлерин жоопкерчиликтен коркпой тез иш алып барууга үндөдү.

“Жоопкерчилик алуудан коркуп жатсаңар, анда жоопкерчилик ала турган жетекчилерди табабыз. Ушул күндөн баштап массалык түрдө элдерге кызыл китептерин берүүнү баштагыла” –деди мэр.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>