Бишкек менен Чүйдө көчөлөр маал-маалы менен жабылат. Себеби

Бишкек менен Чүйдө көчөлөр маал-маалы менен жабылат. Себеби

Бишкекте 25-27-октябрда эл аралык иш-чаралар өткөрүлө тургандыгына байланыштуу Бишкек менен Чүй облусунда айрым көчөлөр маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-27-октябрда Кыргызстанга Кытайдын премьери расмий иш сапар жана Монголиянын премьер-министри жумушчу сапары менен келет жана Бишкекте ШКУнун, КМШнын өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму өткөрүлөт. Аталган иш-чараларга катышуу үчүн өлкөгө келген делегациялардын унаалары өткөн учурда айрым көчөлөр маал-маалы менен жабылып турат.

Ошондой эле милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, коомдук тартипти жана жол коопсуздугун кароого 4 миңге жакын кызматкер тартылат.

25-27-октябрда маал-маалы менен жабыла турган көчөлөрдүн тизмеси:

— «Манас» аэропортунан Бишкек шаарынын чегине чейин;

— Фучик көчөсү — Бишкек шаарынын чегинен тартып Чүй проспектисине чейин;

-Чүй проспектиси — Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;

— Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;

— «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан тартып «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейин.

«Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда аталган көчөлөрдүн жол жээктерине унааларды калтырбоого, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууга жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Эгерде кырдаалга жараша башка жолдор жабыла турган болсо, кошумча маалымат берилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>