Дүйнө чемпионаты (U-23): Эки балбан кыз биринчи атаандаштарын жеңди (видео)

Дүйнө чемпионаты (U-23): Эки балбан кыз биринчи атаандаштарын жеңди (видео)

Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында кыргызстандык эки балбан кыз биринчи беттештеринде жеңишке жетти.

23-октябрда башталган мелдештин үчүнчү күнүндө балбан кыздар арасында таймаштар өтүүдө. Бүгүн кыргызстандык балбан кыздар Калмира Билимбек кызы (59 кг), Арууке Кадырбек кызы (55 кг) жана Гүлнура Таштанбекова килем үстүнө чыкты.

Калмира Билимбек кызы таймашты 1/8 финалдан баштап, алгачкы кармашында казакстандык атаандашын 13:2 эсебинде жеңди.

Ошондой эле, беттешти квалификациялык айлампадан баштаган Гүлнура Таштанбекова казакстандык спортчуну 12:1 эсебинде утуп, 1/8 финалга чыкты.

Ал эми Арууке Кадырбек кызы биринчи беттешинде япониялык спортчуга 0:4 эсебинде жеңилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>