Күнөөкөрдү алмаштырууга $4 миң сунушташкан — Надырбек ЖусуповПольшадагы конституциялык кризис: президент өлкөгө кайтып келди, сот имаратынын алдында — нааразылыктарБишкекте 8-ноябрда веложарышка байланыштуу жол кыймылына чектөө киргизилетЖапаров Түркияда Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү — эмнелер талкууланды31-октябрда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйтКасым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштады
Бишкекте 8-ноябрда веложарышка байланыштуу жол кыймылына чектөө киргизилет
31.10.2026 | 11:00

Бишкекте 8-ноябрда 2026-жылкы сезондун жыйынтыктоочу веложарышы өтөт. Ага каалагандардын бардыгы катыша алышат деп билдирет борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы.
Веложарыштын башталышы саат 10:00гө Дайыр Асанов атындагы Жеңиш сейил багынан пландаштырылган. Катышуучулар 5,4 чакырым аралыкты басып өтүшү керек. Мара «Газпром — балдарга» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин алдында болот. Катышуучуларды каттоо Дайыр Асанов атындагы Жеңиш сейил багында саат 08:30дан 09:45ке чейин жүргүзүлөт.
Веложарыштын өткөрүлүшүнө байланыштуу 8-ноябрда саат 09:45тен 10:30га чейин А. Токомбаев проспектисинин түндүк тарабында батыш багыты боюнча унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Мэрия айдоочулардан киргизилген чектөөлөрдү эске алып, каттамдарын алдын ала пландаштырууну суранат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом