Польшадагы конституциялык кризис: президент өлкөгө кайтып келди, сот имаратынын алдында — нааразылыктар

Польшада Конституциялык трибуналдын айланасындагы чыр-чатак курчуду. Анын төрагасы Богдан Свенчковский кызматтан четтетилгенден кийин, президент Кароль Навроцкий чет өлкөлүк сапарын токтотуп, өлкөгө кайтып келди. Варшавадагы сот имаратынын алдында нааразылык акциялары өтүп, полиция менен кагылышуулар болду. Бул кырдаал польшалык саясатчылардын кескин реакциясын жана эл аралык резонансты жаратты.
Reporter.kg окуялардын хроникасын түздү.
Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, 30-октябрда судья Анна Корвин-Пиотровская Богдан Свенчковский Конституциялык трибуналдын жетекчилигинен четтетилгенин жарыялап, сотту башкарууну өзүнө алган.
Бул чечим Польшанын премьер-министри Дональд Тусктун өкмөтү менен «Укук жана адилеттик» (PiS) партиясына байланышы бар саясий күчтөрдүн ортосундагы көп жылдык жаңжалдын жаңы баскычы болуп калды.
Өкмөт соттун мурдагы жетекчилигин азыркы парламенттик көпчүлүк тарабынан шайланган судьялардын ишине тоскоолдук кылууда деп айыптап жатат. Ал эми оппозиция бийликтин аракеттерин сот системасынын ишине мыйзамсыз кийлигишүү катары баалайт.

Ошол эле күнү Конституциялык трибуналдын жетекчилиги алмашканы тууралуу кабарлардан кийин Польшанын президенти Кароль Навроцкий Сенегалга болгон сапарын токтотуп, учакты артка буруп, өлкөгө кайтып келген.
Кийинчерээк президент Жогорку соттун биринчи төрагасы менен жолугушуп, андан соң Конституциялык трибуналдын имаратына барган. Польшалык ЖМКлар кырдаал чыңалып, кайым айтышуу жана мушташ чыкканын кабарлашты.
30–31-октябрда Варшавадагы Конституциялык трибуналдын алдына жүздөгөн нааразылык билдирүүчүлөр чогулган. Акциянын айрым катышуучулары тосмодон өтүп, полиция кызматкерлерине ар кандай буюмдарды ыргытышкан.
ЖМКлардын маалыматы боюнча, полиция үч адамды кармаган. Тартип сакчылары сот имаратынын коопсуздугун камсыз кылышкан.
Эл аралык коомчулуктун реакциясы
АКШнын Польшадагы элчиси Том Роуз болуп жаткан окуяны болуп көрбөгөндөй тирешүү деп атап, зомбулуктун күчөшүнө жол бербөөгө чакырды. Ошол эле учурда ал Вашингтон Польшанын ички иштерине кийлигишүү ниети жок экенин баса белгиледи.
Польша бийлигинин аракеттерин Улуу Британиянын айрым оңчул саясатчылары, анын ичинде мурдагы премьер-министр Лиз Трасс жана Reform UK партиясынын лидери Найджел Фараж сындап чыгышты.
31-октябрда польшалык ЖМКлардын маалыматы боюнча, өлкө президенти Кароль Навроцкий Жогорку соттун биринчи төрагасы менен бирге Конституциялык трибуналдын имаратына келген. Богдан Свенчковский өзүн кызматтан четтетүү чечимин мыйзамсыз деп эсептей турганын билдирди.
Ошондой эле 31-октябрда Польшанын Румыниядагы элчиси Павел Солох кызматтан кетүүгө арыз берди. Ал мындай кадамын Конституциялык трибуналдын айланасындагы окуяларга макул эместиги менен түшүндүрүп, жетекчиликти алмаштыруу аракеттерин мыйзамсыз деп атады. Буга чейин Польшанын Кытайдагы элчиси Якуб Кумох да отставкага кетерин жарыялаган эле.
Жаңжалдын таржымалы
Конституциялык трибуналдын айланасындагы тирешүү 2015-жылдан бери уланып келе жатат. Ал кезде бийликте турган «Укук жана адилеттик» партиясы сынчылардын пикиринде мыйзамдуу түрдө шайланган талапкерлер ээлеп турган бош эмес орундарга судьяларды дайындай баштаган.

2023-жылы бийликке келгенден кийин Дональд Тусктун өкмөтү сот системасынын көз карандысыздыгын калыбына келтирүүнү убада кылган. Бирок реформалар оппозициянын каршылыгына жана президенттин ветосуна туш болду.
Азыркы курчуу судьяларды дайындоонун мыйзамдуулугу жана Конституциялык трибуналдын жетекчилигинин ыйгарым укуктары боюнча пикир келишпестиктерге байланыштуу келип чыкты.
Анара Мамытова