Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштады

30.10.2026 | 22:59
Касым-Жомарт Токаев предложил принять Россию в ОТГ — Новости Кыргызстана

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) Орусияны кабыл алууну же ага байкоочу макамын берүүнү сунуштады.

«Уюмунун аброюн жогорулатуу максатында Орусиянын ниетине оң көз карашта болуп, аны бул форматка кошулууга чакыруу же ТМУнун ишмердүүлүгүнө байкоочу катары катышууну сунуштоо туура жана адилеттүү чечим болмок», — деди Токаев.

Анын айтымында, ири держава болгон Орусия кылымдар бою түрк дүйнөсү менен тыгыз байланышта болуп келген.

«Бул өлкөнүн аймагында тарыхый жактан көптөгөн түрк элдеринин өкүлдөрү жашап келишет. Учурда Орусия “Алтай — түрк цивилизациясынын бешиги” долбоорун илгерилетүүдө. Казакстан бул демилгени колдойт. Орус тилиндеги көптөгөн сөздөр түрк тилинен келип чыккан. Жалпысынан Орусия түрк мамлекеттеринин, башкача айтканда, биздин уюмдун бир бөлүгү болсо, бул бардык өлкөлөрүбүзгө пайда алып келмек», — деп белгиледи Токаев.

Scroll to Top