Кыргызстанда акциздик маркаларды алуу процесси санариптештирилет

26.10.2026 | 11:51
В Кыргызстане цифровизируют процесс получения акцизных марок — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда акциздик маркаларды алуу боюнча арыз тапшыруу жана чечим кабыл алуу тартиби санариптештирилет. Бүгүн, 26-октябрда, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 100 күндүк «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында аталган реформага старт берди.

Минкабдын маалыматында, учурда ишкерлер салык органдарына 3-4 жолу жеке өзүлөрү барып, документтерди кагаз түрүндө тапшырууга мажбур. Мындай процесс 3 күндөн 5 күнгө чейин созулат. Ал эми ай сайын өлкө боюнча 1200гө жакын арыз кагаз түрүндө кабыл алынып келет.

Программанын алкагында, арыздарды “Салык төлөөчүнүн жеке кабинети” аркылуу берүүгө шарт түзүү, документтерди текшерүү процессин автоматташтыруу, ошондой эле Мамлекеттик салык кызматы, “Учкун” ААКсы жана “Абанк” ААКсынын ортосунда электрондук маалымат алмашууну жолго коюу пландалууда.

Өзгөртүүлөрдүн натыйжасында арыздарды карап чыгуу мөөнөтү 3–5 күндөн 1 жумушчу күнгө чейин кыскарары айтылды. Ишкерлер салык органдарына барбастан, чечимдерди электрондук кабинет аркылуу онлайн алышат. Бул кадам бюрократияны азайтууга жана кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтүн тездетүүгө шарт түзөт.

Scroll to Top