Жапаров Жети-Өгүз жана Тоң тургундарынын кайрылууларын кароону тапшырды

15.11.2026 | 14:00
Жапаров Жети-Өгүз жана Тоң тургундарынын кайрылууларын кароону тапшырды — Новости Кыргызстана

Президент Садыр Жапаров 14-ноябрда Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Тургундар укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттерине даттанып, батир алдамчылыгы, жер жана мүлк талаштары боюнча иштерди чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышты.

Алар ошондой эле туризмди колдоо, туристтик инфраструктура объекттери үчүн жер тилкелерин бөлүү, суу түтүктөрүн тартуу жана суткалык жөнгө салуучу мини-бассейн куруу маселелерин көтөрүштү. Мындан тышкары, ырайым кылуу жана мунапыс, ипотекалык турак жай жана стадион курууга жардам берүү маселелери козголду.

Жапаров мамлекеттик органдарга кайрылууларды адилеттүү кароону тапшырды. Ал көтөрүлгөн көйгөйлөр боюнча иш жүргүзүп, чара көрүп, «акыркы чекитти коюу» керектигин айтты.

Scroll to Top