Бишкекте балыкты кайра иштетүүчү жаңы ишкана ишке кирди

24.06.2026 | 16:55
Бишкекте балыкты кайра иштетүүчү жаңы ишкана ишке кирди — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарынын четиндеги Ак-Жол айылында «Вилби» ЖЧКсынын балыкты кайра иштетүүчү жаңы комплекси ачылды. Иш-чарага суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев катышты.

Айыл чарба министрлигинин маалыматында, бул ишкана балыкты кайра иштетүүнүн, даяр продукцияларды жана жарым фабрикаттарды өндүрүүнүн, ошондой эле аларды муздаткыч кампаларда сактоонун толук циклин камсыздайт.

Комплекс суткасына 18 тоннага чейин балыкты кайра иштетүү жана 10 тоннага чейин даяр продукция өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ишкананын сактоо мүмкүнчүлүгү 1 500 тоннаны түзөт. Долбоордун алкагында 100гө жакын жаңы жумуш орду түзүлдү.

Бул долбоор заманбап өндүрүштөрдү түзүү жана модернизациялоо багытында мамлекеттин өнөктөшү болгон Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашырылган.

Теги: Бишкек
Scroll to Top