ИБР Кыргызстанда айыл чарбасын механизациялоого $44,6 млн бөлөт

Кыргызстанда Ислам өнүктүрүү банкы айыл чарбасын механизациялоого көмөктөшүү долбоорунун алкагында өлкөнүн мамлекеттик банктарына $44,61 млн бөлө турган агенттик келишимге кол коюлду. Каражаттар исламдык каржылоо принциптери боюнча айыл чарба техникасын жана жабдууларын сатып алууга жумшалат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
KGZ-1037 долбоору боюнча келишимге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Финансы министрлиги жана мамлекеттик банктар кол коюшту.
Каржылоону эки мамлекеттик коммерциялык банк алат. Долбоор алардын исламдык терезелери аркылуу ишке ашырылат.
Андан ишкерлер жана жеке жактар пайдалана алышат. Каржылоонун шарттары:
- жалпы көлөмү: $44,61 млн;
- каржылоо түрлөрү: «Мурабаха» жана «Ижара мунтахийя биттамлик»;
- жылдык кирешелүүлүк чени: 6%;
- мөөнөтү: 7 жылга чейин.
Министрликтин маалыматына караганда, каржылоо эки банктын айыл чарба ишканаларын жана фермердик чарбаларды колдоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.