Ошто аэропорт кызматкери мыйзамсыз миграцияны уюштурууга шектелип кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Ош облусунда мыйзамсыз миграция каналын уюштурууга шектелип эки жаран кармалганын билдирди. Текшерүүнүн жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандарды мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз кесип өткөрүү схемасы аныкталган.
Ыкчам иштердин натыйжасында «Достук-автожол» өткөрүү пунктунда өлкөдөн чыгууга аракет кылган Д.М. аттуу чет өлкөлүк жаран кармалган. Ал Чүй облусу аркылуу чек арадан мыйзамсыз өткөн.
Бул ишти уюштурууга катышкан «Ош» эл аралык аэропортунун авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкери, Н.у.Б. аттуу кыргызстандык жаран кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Кылмыштуу топту үчүнчү мамлекеттин аймагында жүргөн чет өлкөлүк жаран башкарып турганы аныкталган.
Учурда бул фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып жатканы айтылды.