Кыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыкты

Кыргызстанда жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу, деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирүү жана мал чарбачылыгынын тоют базасын чыңдоо боюнча программа иштелип чыкты. Ал президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен даярдалганын Айыл чарба министрлиги билдирди.
Өлкөдөгү жайыттардын жалпы аянты болжол менен 10 млн гектарды түзөт. Министрликтин маалыматына караганда, калктуу конуштарга жакын жайгашкан 184 миң гектар жайыт деградацияга учураган. Ошондуктан малды алыскы жайыттарга чыгаруу үчүн инфраструктураны өнүктүрүү сунушталууда.
Айыл чарба министрлиги өлкө боюнча төмөнкү муктаждыктарды аныктаган:
- 553 көпүрөнү оңдоо жана калыбына келтирүү;
- 7 206,3 чакырым жайыт жолдорун оңдоо жана жакшыртуу;
- мал сугаруучу 406 жайды жабдуу;
- сүт чогултуу үчүн 170 танкер орнотуу.
2023–2025-жылдары деградацияга учураган 34 376,5 гектар жайытка жайыт чөптөрүнүн үрөндөрү себилген. Быйыл 186 тонна үрөн сатып алынып, себүү иштери уланууда. Түздүктөргө үрөн себүү үчүн тракторлорду, ал эми жетүү кыйын болгон жерлерде атайын дрондорду колдонуу пландалууда. Мындан тышкары, жергиликтүү үрөнчүлүк чарбаларын өнүктүрүү каралган.
Программада мал жебеген отоо чөптөргө каршы күрөшүү, жайыттарды кезектешип пайдалануу жана малдын жүгүн жакын жайыттардан алыскы аймактарга бөлүштүрүү да каралган. Ишке министрликтер, мамлекеттик органдар жана райондук мамлекеттик администрациялар тартылат. Ар бир мекеме өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарат.
Бул иштер 1000 күндүк реформанын алкагында улантылат. 2030-жылга чейин жайыт инфраструктурасын жакшыртуу, жолдорду жана көпүрөлөрдү оңдоо, ошондой эле алыскы жайыттарга жетүүнү камсыздоо пландалууда.