Алыскы Зардалыга баруучу унаа жолду кеңейтүү жана асфальттоо иштери уланууда

13.11.2026 | 12:03
Алыскы Зардалыга баруучу унаа жолду кеңейтүү жана асфальттоо иштери уланууда — Новости Кыргызстана
Алыскы Зардалыга баруучу унаа жолду кеңейтүү жана асфальттоо иштери уланууда — иллюстрация

Баткен облусундагы алысыкы Зардалы айылына баруучу Таян – Зардалы автожолунун 6,4 километрине асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, тар жолдун туурасы 10 метрге чейин кеңейтилген. Бул үчүн тоо боорлорун жардыруу иштери аткарылган. Учурда жол тилкелерине темир-бетон тосмолор орнотулуп жатканы маалымдалды.

Министрлик Зардалы айылы тоо аймагында жайгашкандыктан, курулуш иштери жол куруу иштери татаал шарттарда кезек-кезеги менен жүргүзүлүп жатканын билдирди. Ошондой эле аталган жолдун калган тилкелериндеги курулуш иштери белгиленген тартипте улантыларын кошумчалады.

Scroll to Top