Бишкекте III Орус-Кыргыз билим берүү форуму өтөт

Кыргыз-Россия Славян университетинде (КРСУ) 2026-жылдын 1–2-октябрында III Орус-Кыргыз билим берүү форуму өтөт. Ага эки өлкөнүн университеттеринин, бизнес чөйрөсүнүн жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү чогулат.
Форумдун негизги темалары — биргелешкен билим берүү программалары, илимий изилдөөлөр жана технологиялык долбоорлор, адистерди даярдоо, ошондой эле жогорку окуу жайлардын өнөр жай тармагындагы өнөктөштөр менен кызматташуусу.
1-октябрда КРСУда ишкердик программа өтөт. Анын алкагында пленардык жыйын, панелдик талкуулар жана университеттердин мамлекет жана бизнес менен өз ара аракеттенүүсү, студенттердин карьералык жолдорун өнүктүрүү, инновацияларды киргизүү жана университеттердин биргелешкен демилгелери боюнча жолугушуулар уюштурулат. Форумдун жыйынтыгында университеттер менен бизнестин стратегиялык өнөктөштүгүнүн Жол картасын иштеп чыгуу, ошондой эле биргелешкен изилдөөлөр, кадрларды даярдоо, тармактык билим берүү программалары жана технологияларды өткөрүп берүү боюнча келишимдерге кол коюу пландалууда.
2-октябрда саат 10:00дөн 17:00гө чейин КРСУнун Киев көчөсү, 44 дарегинде жайгашкан башкы корпусунда Россиянын жогорку билим берүү көргөзмөсү өтөт. Мектеп окуучулары, абитуриенттер жана алардын ата-энелери Россиянын жогорку окуу жайларынын программалары жана окууга тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде бюджеттик орундар тууралуу маалымат ала алышат.
Форумду Россиянын Кострома мамлекеттик айыл чарба академиясы, Россотрудничество жана КРСУ Россия президентинин Администрациясынын колдоосу менен уюштурууда.