Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү — Садыр ЖапаровСаламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы башчысы менен УКМК төрагасынын мурдагы орун басары пара алууга айыпталуудаКыргызстан боюнча 20 миңден ашык видеокөзөмөл камералары орнотулат — ИИМАнкаранын Борбор Азиядагы аскердик-өнөр жай комплекси: учкучсуз учактардан аскердик экосистемаларга чейинЧүй облусу гана эмес, бүтүндөй Кыргызстан өнүгүүдө — Болот ИбрагимовКөргөзмөлөр, улуттук тамак-аштар жана концерт: Бишкекте Чүйдүн 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө
Бишкекте 210 млн долларлык турак жай комплексин куруу боюнча келишим түзүлдү
24.09.2026 | 16:38

Бүгүн, 24-сентябрда, Бишкек шаарында «Хан Тенгри» көп функционалдуу турак жай комплексин куруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюлду. Долбоордун баасы 210 млн АКШ долларын түзөт. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
Келишимге Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров жана «Хан-Тенгри девелопмент» ЖЧКсынын башкы директору Чжоу Цинхуа кол коюшту.
Равшанбек Сабиров шаардык инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жеке инвестицияларды тартуу артыкчылыктуу багыттардын бири экенин билдирди. Анын айтымында, долбоор Бишкек шаарынын курулуш тармагын өнүктүрүүгө багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: Бишкек, инвестиция