КУЭТтин жетекчилиги алмашты: башкы директор жана анын орун басары кызматтан кетти

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКда (КУЭТ/НЭСК) кадрдык өзгөрүүлөр болду. Компаниянын башкы директору Илгиз Сыдыгалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Тийиштүү чечимди компаниянын директорлор кеңеши 2026-жылдын 2-ноябрында кабыл алган.
Ошондой эле башкы директордун капиталдык курулуш жана инвестициялар боюнча орун басары Искандер Адиев да кызматынан бошотулду. Анын ордуна Гүлжигит Мурзакаримов дайындалды. Бүгүн, 3-ноябрда ал ишкананын эмгек жамаатына тааныштырылды.
КУЭТтин директорлор кеңешинин төрагасы Жыргалбек Турускулов жаңы орун басардын алдындагы негизги тапшырмаларды белгиледи. Алардын катарында — инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, капиталдык курулушту өнүктүрүү, пландалган жумуштарды өз убагында жана сапаттуу аткаруу, ошондой эле инвестициялык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу милдеттери бар.
Мурзакаримов өзгөчө электр тармактарын модернизациялоого жана өнүктүрүүгө, электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн арттырууга жана Кыргызстандын энергетикалык инфраструктурасын чыңдоого көңүл бурушу зарыл.
КУЭТтин башкы директорунун кызматын ким ээлей турганы билдирүүдө такталган эмес.