Курумду чокусунун санариптик картасын ыктыярчылар түзүштү — видеоАкын Аскат Жетиген эркиндикке чыктыКөчмөндөр оюндарына даярдык: 22-августта Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылатКыргызстанда санкция тобокелдигинен улам 19 компания мажбур менен жабылышы мүмкүнБишкекте батир алдамчылыгына шектүү жаран кармалдыБаланын медициналык картасы «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүү болду — пилоттук долбоор Нарында башталды
Бишкекте ишембиликтен кийин 500 метр куб таштанды чыгарылды
17.10.2022 | 22:55
Бишкекте ишембиликтен кийин 500 метр куб таштанды чыгарылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 15-октябрь күнү “Таза Мурас” акциясын колдоп, шаардын бардык кызматтары, билим берүү мекемелери, мектептер, бала бакчалар, жеке жана мамлекеттик клиникалар, шаар тургундары үйлөрүн, кеңсесинин айланасын жана бөлүнгөн аймактарды иретке келтирүүгө чыгышты.
Ишембиликке 1500гө жакын адам катышты. Линияда 90 даана атайын техника, 200 жүктөгүч жана 650 тазалоочу иштеди. Жыйынтыгында 500 метр куб таштанды чыгарылды.
“Тазалык” муниципалдык ишканасы ишембиликтен кийин таштандыларды чыгарууну улантууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар