Кыргызстанда бардык аймактык аэропорттор калыбына келтирилди — андан ары эмне болот?

Кыргызстанда жаңы аймактык аэропортторду куруу пландалган жок. Мурда иши токтоп (консервацияланып) калган бардык аба майдандары калыбына келтирилип бүттү, ал эми иштеп жаткан тармак ички авиакаттамдарды камсыз кылуу үчүн толук жетиштүү. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына «Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.
Анын айтымында, аймактык аэропортторду калыбына келтирүү президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен ишке ашырылды. Негизги максат — алардын ишин жандандыруу жана Бишкек менен аймактардын ортосундагы аба каттамдарын жолго коюу болгон.
«Бул этапта биз өз убагында консервацияланып калган Кыргызстандын бардык аэропортторун жандандырдык. Азыр баары иштеп жатат. Аймактарда мындан ары аэропорттор курулбайт, анткени бар болгондору эле жетиштүү», — деди Самидинов.
Ишкана жетекчиси Жалал-Абад облусунун Чаткал району менен авиакаттамды жандандыруу мүмкүнчүлүгүнө өзүнчө токтолду. Буга чейин жергиликтүү тургундар бул маселени чечип берүү өтүнүчү менен президентке кайрылышкан болчу.
Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен долбоорлоо институтунун адистери мурдагы аэропорттун аймагын изилдеп чыгышкан. Жергиликтүү бийлик курулуш үчүн жер тилкесин берүүгө даяр болгон, бирок анын аянты талап кылынган узундуктагы учуп-конуу тилкесин курууга жетпей турганы аныкталган.
Самидинов түшүндүргөндөй, мурда аэропорт кичинекей учактарды кабыл алып турган жана алар үчүн узундугу 900 метрлик тилке жетиштүү болгон. Ал эми аймактык каттамдар үчүн колдонулуучу заманбап учактарга кыйла кенен аянт талап кылынат.
«80ге жакын жүргүнчүнү ташый ала турган Q400 сыяктуу учактар үчүн учуп-конуу тилкесинин узундугу тоолуу жер шартында кеминде 2,5 чакырым болушу керек. Тилекке каршы, бар болгон жер тилкесинин көлөмү мындай тилкени курууга жол бербейт», — деп түшүндүрдү ал.
Мындан аркы пландар тууралуу сөз кылып жатып, Самидинов учурда компания Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы аэропорттордогу жумуштарды бүтүрүүгө басым жасап жатканын белгиледи.
«Биз азыр Жалал-Абад менен Ошту куруп бүтүрүшүбүз керек. Ошону менен бүттү», — деди ал.
Анын айтымында, бул долбоорлор аяктагандан кийин аймактарда кошумча аэропортторду куруу каралган эмес.
Чек ара көзөмөлүндөгү жасалма интеллект
Самидинов ошондой эле Чек ара кызматы менен биргеликте орнотулган чек ара көзөмөлүнүн жаңы көп функциялуу стойкалары (жабдуулары) тууралуу айтып берди.
Мурдагы кабиналардан айырмаланып, алар камералар, адамдын жүзүн таануу тутумдары, документтерди текшерүүчү жабдуулар жана жасалма интеллект технологиялары менен жабдылган.
Компания жетекчисинин айтымында, камералар стойкалардын төмөнкү бөлүгүнө да орнотулган. Бул чек арачыларга жаш балдарды текшерүү үчүн өйдө көтөрүп отурбастан көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, чет тилдерден автоматтык түрдө которуу функциясы каралган.
«Ал жерде, эгер жаңылышпасам, 50гө жакын тилди колдогон котормочу бар. Жасалма интеллект колдонулат. Ошондой эле таануу тутуму жана документтердин аныктыгын текшерүүчү атайын жабдуулар бар», — деди Самидинов.
Стойкалардын ичинде кызматтык мөөрлөрдү жана башка атайын жабдууларды сактоо үчүн сейфтер орнотулган. Кызматкерлердин жумуш ордуна кирүүсү жүздү таануу (Face ID) же манжа издери аркылуу жүргүзүлөт.
Самидиновдун айтымында, мындай чечимдер чек ара көзөмөлүнүн коопсуздугун арттырып, эл аралык стандарттарга жооп берет.
Эльвира Сатыбекова
Анара Мамытова