Өкмөттө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу чаралары талкууланды

12.11.2026 | 18:02
В Кабмине обсудили меры по профилактике семейного насилия — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 12-ноябрда, Министрлер кабинетинде өлкөдөгү үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, жабырлануучуларды коргоо жана колдоо көрсөтүү маселелери боюнча жыйын өттү. Аны Минкаб төрагасынын орун басары Улан Маматканов алып барды.

Жолугушууга мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын жетекчилери катышып, министрликтердин өкүлдөрүнүн жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча баяндамалары угулган.

Жыйында мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына үй-бүлөлүк зомбулукка каршы алдын алуу иштерин күчөтүү, зомбулукка кабылуу алдында турган үй-бүлөлөрдү аныктоо жана жабырлануучуларга жардам көрсөтүү тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, бөгөт коюу жана зомбулук фактыларына чара көрүү боюнча 2027-жылга карата иш-чаралар планын даярдоо жана анын аткарылышын көзөмөлдөө милдети жүктөлдү.

Scroll to Top