Кыргызстанда боор алмаштыруу операциясын мамлекеттин эсебинен каржылоо сунушталууда

Кыргызстанда тууганынан донор болгон бейтаптар үчүн боорду акысыз алмаштырууга (трансплантациялоого) шарт түзүү пландалууда.
Саламаттык сактоо министрлиги мындай операцияларды мамлекеттин эсебинен каржылоону караган Министрлер кабинетинин токтом долбоорун иштеп чыкты. Документ коомдук талкууга коюлду.
«Өлкөдө боордун оор илдеттерине, анын ичинде циррозго, ошондой эле тубаса жана тукум куума патологияларга чалдыккан бейтаптардын саны өсүүдө. Алардын айрымдары үчүн өмүрүн сактап калуунун жалгыз жолу — органды алмаштыруу (трансплантация) болуп саналат», — деп айтылат негиздеме-маалымкатта.
Кыргызстанда жакын туугандарынан донор болгондордун боорун алмаштыруу операциялары жасала баштаганы белгиленет. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, октябрдын аягына карата ушундай 11 операция жасалып, алардын алгачкылары ийгиликтүү аяктаган.
«Бирок дарылануунун кымбаттыгы анын жеткиликтүүлүгүн чектейт. Бир операция орто эсеп менен 17 миң долларга же 1,5 миллион сомго жакын каражатка чыгат. Бул суммага кымбат баалуу дары-дармектер, медициналык каражаттар, чыгымдалуучу материалдар жана операциядан кийинки дарылануу кирет», — деп билдирет демилгечи ведомство.
Саламаттык сактоо министрлиги жеке операциялардан мындай трансплантацияларды үзгүлтүксүз жүргүзүүгө өтүү үчүн мамлекеттик каржылоо механизмин түзүү зарылдыгын баса белгилейт.
Учурда Жогорку технологиялар фондунун эсебинен бөйрөк алмаштырууну каржылоо каралган, бирок боорду трансплантациялоо тиешелүү тизмеге киргизилген эмес.
Министрлик мамлекет тарабынан каржылануучу медициналык жардамдын жогорку технологиялык түрлөрүнүн тизмесин боорду алмаштыруу операциялары менен толуктоону сунуштоодо.
Документ кабыл алынса, 2027-жылдан тарта пландуу операциялар Жогорку технологиялар фондунун эсебинен каржылана баштайт. Операцияларды алдыңкы мамлекеттик медициналык мекемелерде, анын ичинде Улуттук хирургия борборунда жана ОшМУнун клиникасында жүргүзүү мерчемделүүдө.
Ошол эле учурда бейтаптар жана донорлор белгиленген медициналык талаптарга, көрсөтмөлөргө жана каршы көрсөтмөлөргө жооп бериши керек.
Саламаттык сактоо министрлиги мамлекеттик каржылоо боор алмаштырууну кыйла жеткиликтүү кылат, үй-бүлөлөрдүн дарыланууга кеткен чыгымын азайтат жана бейтаптардын чет өлкөгө чыгуу муктаждыгын кыскартат деп эсептейт.
Сунушталган өзгөртүүлөрдү саламаттык сактоону өнүктүрүүгө жана Жогорку технологиялар фондуна каралган каражаттардын алкагында ишке ашыруу мерчемделген.
Анара Мамытова