Бишкекте ишкерди уурдап кетип, 25 миң доллар опузалоого шектелген эки адам кармалды

Бишкекте ишкерди уурдап кетип, 25 миң доллар опузалоого шектелген эки адам кармалды

Бишкекте ишкерди уурдап кетип, унаасын жана 25 миң доллар акча опузалоого шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Министрлик билдиргендей, алардын кызматкерлерине уюшкан кылмыштуу топтун адамдары бир ишкерди унаага отургузуп, Бишкектин четиндеги ээн жерге алып кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө-иликтөө иштеринин натыйжасында милиция ишкерди уурдап кеткен адамдардын изине түшүп, борбор калаадагы көчөлөрдүн биринен колго түшүргөн. Шектүү катары 37 жаштагы Т.Ж. жана 34 жаштагы С.Э. кармалган. Алар ишкердин унаасы менен жүрүшкөн. Ошондой эле унаанын ичинде ур-токмок жеген ишкер да болгон.

Кийинчерээк аныкталгандай, алар ишкерди шаардын четине алып чыгып, ур-тепкиге алган. Андан кийин 25 миң доллар акча жана унаасын аларга берүүгө көндүрүп, ишкердин башка унаасын алып кеткени баратышкан.

Кармалгандардын бири – 37 жаштагы Т.Ж. ИИМде Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турат.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Аталган факт боюнча «адам уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.Тергөө иштери уланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Бишкек ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>