Бишкекте «CYBERVISION 2026» заманбап көргөзмөсү өтөт

18.06.2026 | 16:29
Бишкекте «CYBERVISION 2026» заманбап көргөзмөсү өтөт — Новости Кыргызстана

19-июнда саат 15:00дө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде «CYBERVISION 2026» аттуу көргөзмө ачылат. Долбоор келечекти технологиялар жана искусство аркылуу чагылдырууга багытталган. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Көргөзмө киберпанк багытына жаңыча көз караш сунуштап, Борбор Азиянын маданий өзгөчөлүктөрү менен технологиянын айкалышын көрсөтөт. Долбоор технологияны жергиликтүү чыгармачылыктын жана жаңы идеялардын булагы катары карайт.

Ошондой эле 20-июнда саат 12:00дөн баштап тартып жылдын эң узун күнүнө, жарыкка, энергияга жана келечек темасына арналган музыкалык перформанстар өтөт.

Көргөзмө 2026-жылдын 4-июлуна чейин уланат. Дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 196. Уюштуруучулар бардык каалоочуларды искусство менен технологиянын синтезинен жаралган эмгектер менен таанышууга чакырат.

Scroll to Top