Бишкекте «Чек арасыз шахмат» эл аралык турнири өтөт

«Маданияттар диалогу: чек арасыз шахмат» эл аралык командалык турнири 22-июнда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы имаратында өтөт.
Кыргыз шахмат союзу билдиргендей, мелдешке Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Өзбекстандан келген командалар катышат. Ар бир курама команда беш адамдан — төрт эркек жана бир аялдан турат. Аялдар тактасы бүткүл турнир бою бекитилип, өзгөрүүсүз калат.
Турнирдин байге фонду 1 миллион рублди түзөт.
Мелдеш FIDE эрежелери боюнча өтөт. Өткөрүү форматы — айлампа же швейцариялык система — оюндар башталар алдында уюштуруу комитети тарабынан аныкталат. Убакытты көзөмөлдөө рапид форматында белгиленген — ар бир партияга 10 мүнөт жана ар бир жүрүш үчүн беш секунддан кошулат.
Оюнчулардын такталар боюнча жайгашуусу турнирдин аягына чейин өзгөрүүсүз калат. Турнирдин башкы калысы FIDEнин эл аралык арбитри Азиз Умарбеков болот.
КШСтин маалыматы боюнча, иш-чара коомдук-мамлекеттик демилгелердин жана атайын багыттагы программалардын куратору Виктор Шепелевдин каржылык колдоосу менен өтөт.
Ал шахматты өнүктүрүүгө жана жайылтууга, өлкөлөр ортосундагы маданий жана спорттук байланыштарды чыңдоого, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.