Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Кыргызстан АКШ менен Ирандын ортосундагы тынчтык келишимин кубаттайт — Аскат Алагозов
18.06.2026 | 15:40

Кыргызстан АКШ менен Ирандын ортосундагы тынчтык келишимине жетишилгендигин кубаттайт, деп билдирди КР Президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагозов социалдык тармактагы расмий баракчасында.
Ал өлкө бийлиги бардык катышкан тараптарга, анын ичинде Пакистанга жигердүү ортомчулук аракеттери үчүн ыраазы экендигин белгиледи.
«Кыргызстан келишимге расмий кол коюу аймакта туруктуу жана узак мөөнөттүү тынчтыктын орношуна шарт түзөт деп үмүт артат», — деп жазды ал.
Эске салсак, Иран жана АКШ жаңжалды токтотуу тууралуу меморандумдун текстине кол коюшкан.
«Текстке кол коюлгандыктан, аны биротоло даяр деп айтууга болот», — деп билдирди Ирандын ТИМнин расмий өкүлү Исмаил Багаи ирандык телевидениенин эфиринде. Ал ошондой эле кол коюу электрондук форматта өткөнүн белгиледи.