logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

Бишкекте качан жылуулук берилери айтылды

Бишкекте качан жылуулук берилери айтылды

Бишкекте 1-ноябрдан  тарта жылуулук берүү пландалып жатат. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Турак жай коммуналдык чарбасын тескеген вице-мэр Мирлан Амантуров күз-кыш мезгилдерин өткөрүү боюнча штабдын жыйынында ноябрь айынын башынан тарта шаар тургундарын жылуулук менен камсыз кылууну болжолдоп жатканын билдирген.

«Азырынча буйрук чыга элек, бирок 1-ноябрдан тарта берүүнү болжолдоп жатабыз. Жылуулук биринчи социалдык объектилерге, андан соң шаардыктарга берилет», — деди Амантуров.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>