Бишкекте курулушта автокран оодарылып кетти. Компанияга айып пул салынып, жумушчулар жазаланды

Бүгүн, 6-августта, Бишкек шаарынын Арстанбек Дүйшеев көчөсүндөгү курулуш аянтында жүк көтөрүүчү автокран оодарылып кетти. Курулуш министрлиги жеринде текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында курулуш компаниясына айып пул салынып, жумушчулар жазаланды.
Мекеменин маалыматында, текшерүүнүн жыйынтыгында автокран темир түтүктөрдү көтөрүү учурунда жүк көтөрүү техникасынын туруктуулугу талаптагыдай камсыздалбагандыктан кулап кеткени аныкталган. Окуядан жабыркагандар жок, бирок бир жеңил унаанын сырты чийилген.
Мындан улам коопсуздук талаптарын бузгандыгы үчүн «Нурзаман» курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынган. Ал эми прораб менен кран башкаруучусу квалификациялык сертификаттарынан ажыратылган. Ошондой эле тиешелүү көзөмөлдү жүргүзбөгөндүгү үчүн департаменттин жооптуу адиси ээлеген кызматынан бошотулган.
Мындан тышкары курулуш компаниясы чийилген унаа боюнча келтирилген чыгымды толугу менен өз эсебинен калыбына келтирерин билдирген.