Кырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалдыBinance’тагы хакердик чабуулдан кийин жарандарга коопсуздук чараларын күчөтүү сунушталды
Бишкекте 87 түйүнчөк баңгизаты менен 21 жаштагы шектүү кармалды
06.08.2026 | 15:34

Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери ири өлчөмдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз сактоого шектелген жаранды кармашты, деп билдирет райондук ИИБнин басма сөз кызматы.
Такталгандай, 5-августта ыкчам маалыматтарды ишке ашыруунун жүрүшүндө баңгизаттарды андан ары жашыруун жайларга (закладкаларга) жайгаштыруу максатында сактап жүргөн деп шектелген 21 жаштагы П.Н. аттуу жаран кармалган.
Окуя болгон жерди кароо учурунда кармалган жаран жалпы салмагы 178 граммды түзгөн, баңгизат болушу мүмкүн болгон зат салынган 87 түйүнчөктү өз ыктыяры менен өткөрүп берген.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошондой эле мыйзамсыз өндүрүү же сатуу») боюнча кылмыш иши козголду.
Шектүү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.