Росконгресс фондунун жетекчисинин орун басары Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгынын негизги багыттары тууралуу айтып берди

Орусия менен Кыргызстандын кызматташтыгы бүгүнкү күндө жөн гана соода алакасынан алда канча кеңири деңгээлге чыкты. Азыр эки өлкө логистиканы, туризмди, энергетиканы, билим берүүнү жана заманбап технологияларды өнүктүрүүгө багытталган ири биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда. Бул тууралуу VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында Reporter.kg басылмасына берген маегинде «Росконгресс» фондунун директорунун орун басары Алексей Вальков билдирди.
— Быйыл форумда «Росконгресс» фонду кандай катышууда? Бул жолку форумдун өзгөчөлүгү эмнеде?
— «Росконгресс» фонду экинчи жыл катары менен Кыргыз-Россия экономикалык форумун уюштурууга көмөктөшүүдө. Бул жолу биз Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун (ПМЭФ) ишкердик туризмге арналган көчмө сессиясын өткөрдүк. Анда ишкердик сапарлар жана биргелешкен иш-чаралар өлкөлөр ортосундагы байланыштарды кантип бекемдей турганы талкууланды.
Форум кыйла кеңейип, талкууланган темалардын чөйрөсү да өстү. Азыр кеп соода жөнүндө гана эмес, өнөр жай кооперациясы, транспорт, логистика, энергетика, санариптик технологиялар жана айыл чарбасы тууралуу болуп жатат. Мындай ыкма инвестицияларды, технологияларды жана кадрларды даярдоону бириктирип, өнөктөштүктү комплекстүү өнүктүрүүгө шарт түзөт.
Форумдун программасы практикалык багытта түзүлгөн: бул жерде бизнес менен бийликтин түз сүйлөшүүлөрү өтүп, келишимдерге кол коюлуп, Орусиянын аймактарынын жетекчилери Кыргызстандын президенти менен жолугушууда. Биз үчүн бул форум Санкт-Петербургдагы ПМЭФте башталган диалогдун уландысы болуп саналат. Быйыл Кыргызстан анда биринчи жолу өзүнүн улуттук павильонун сунуштады.
— Форумдун катышуучулары менен кандай сүйлөшүүлөр болду? Алгачкы жыйынтыктар барбы?
— Форум мамлекеттик кызматкерлерге да, ишкерлерге да көптөгөн жумушчу жолугушууларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Кыргыз тараптагы негизги өнөктөштөрүбүз — Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы жана башка уюмдар.
Ошондой эле жергиликтүү бизнестин көптөгөн өкүлдөрү менен тааныштык. Эң маанилүүсү — жолугушуулардын көбү жөн гана байланыш алмашуу эмес, мурда башталган кызматташтыктын уландысы болду. Бул сүйлөшүүлөрдүн реалдуу долбоорлорго айланышына чоң мүмкүнчүлүк түзөт.
— Форумдун кайсы жыйынтыктарын эң маанилүү деп эсептейсиз?
— Эң башкы жыйынтык — конкреттүү иштерге өтүү. Биздин кызматташтык эми товарларды сатып алуу жана сатуу менен гана чектелбейт. Биз биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүгө, өз ара инвестицияларга, жалпы логистикалык жана санариптик долбоорлорду ишке ашырууга өтүп жатабыз.
Сессияларда ЕАЭБ алкагындагы жеңилдиктер, энергетикалык инфраструктураны түзүү жана аймактагы туруктуулукту бекемдей турган жаңы транспорттук коридорлор талкууланды.
Мындан тышкары, аймактар аралык байланыштарды өнүктүрүү өзгөчө маанилүү. Дал ушул Кыргызстандын облустары менен Орусиянын субъекттеринин деңгээлинде жаңы өндүрүштүк байланыштар, туристтик маршруттар жана билим берүү программалары түзүлүүдө.
Форум практикалык натыйжага багытталган: анын алкагында 30дан ашык макулдашууга кол коюу пландалууда. Мындай чечимдер эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн бекем пайдубалы болуп саналат.
— Эки өлкөнүн бизнесинин учурдагы кызматташтыгына кандай баа бересиз? Кайсы тармактар эң ылдам өнүгөт?
— Кыргызстан менен Орусиянын ишкердик кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгып жатат. Биз жөнөкөй соодадан биргелешкен ишканаларды түзүүгө жана өндүрүштү жергиликтештирүүгө өтүп жатканын көрүп жатабыз.
Эң чоң өсүү потенциалы энергетикада (анын ичинде гидроэнергетика жана жашыл технологиялар), транспортто, логистикада, айыл чарбасында жана санариптик кызматтарда байкалууда. Кыргызстан Орусия, Кытай жана Азия өлкөлөрүнүн ортосунда маанилүү логистикалык борборго айланууга бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ. Бул процесске ЕАЭБге мүчөлүк дагы жардам берүүдө.
Өзүнчө ишкердик туризмди белгилеп кетким келет. Ири көргөзмөлөр, конференциялар жана бизнес-миссиялар аймактардын экономикасын өнүктүрүп, мейманканалардын, жолдордун, тейлөө тармагынын жана чакан бизнестин өсүшүнө түрткү берет. Биз бул багытты активдүү колдойбуз жана Кыргызстандык ишкерлерди Орусиядагы иш-чараларыбызда — 2027-жылы Санкт-Петербургда өтө турган юбилейлик ПМЭФте, 2026-жылдын күзүндө Москвадагы Россия энергетикалык жумалыгында жана «Путешествуй!» туристтик форумунда көрүүгө кубанычта болобуз.
Кыргызстандын Орусия, Кытай жана Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы маанилүү логистикалык түйүнгө айланууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар.

«Росконгресс» фондунун директорунун орун басары