Шыкмаматов блогерлерди, креативдүү экономика өкүлдөрүн салыктан бошотуу чечимин түшүндүрдүАлтынбек Рысбеков Кыргызстандын энергетика министри болуп расмий дайындалдыАгартуу министрлиги заманбап бала бакчаларды жана мектептерди курууга чакыруудаБлогерлердин Reels видеосу 1000 доллардан турса да, алар салыктан бошотулатИлон Масктын триллиону: ал кыргыз шаурмасы менен эсептегенде канчалык көп экенин түшүндүрөбүзБензиндин баасы тоңдурулду: мамлекет ортодогу айырманы бюджеттин эсебинен төлөп берет
Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт
04.03.2024 | 16:47
Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 10-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда эркектер жана кыз-келдиндер арасында өтөт. Ага өлкө аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөр диплом, медаль жана кубок менен сыйланышат.
Салмак категориялар:
Эркектер арасында: 60, 66, 72, 78, 84, 90, 96, +96 кг;
Кыз-келиндер арасында: 55, 60, 66, 74, 84, +84 кг.
Белгилей кетсек, өлкө чемпионаты Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.