Шыкмаматов блогерлерди, креативдүү экономика өкүлдөрүн салыктан бошотуу чечимин түшүндүрдү

15.06.2026 | 17:57
Глава ГНС объяснил решение освободить блогеров и представителей креативной экономики от налогов — Новости Кыргызстана

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов президент Садыр Жапаровдун креативдүү экономика өкүлдөрүн, блогерлерди, IT-адистерин жана стартаптарды салыктан бошотуу боюнча жарлыгына карата түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, бул чечим мамлекеттин бизнеске болгон мамилесин өзгөртүүгө багытталган. Ал президенттин стратегиялык көз карашына токтолуп, төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Президент бизнестин бүгүнкү көлөмүнө эмес, анын келечегине ставка коюп жатат. Мамлекет өтө жөнөкөй нерсени айтып жатат: биз сиздердин өсүшүңүздөргө тоскоол болбойбуз. Тескерисинче, мүмкүн болушунча өсүп-өнүгүшүңүздөрдү каалайбыз».

Шыкмаматов бүгүнкү блогерлер же программисттер келечекте ири медиахолдингдерге жана глобалдык IT-компанияларга айлануу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты. Ал бул жеңилдикти өлкөнүн экономикасына жасалган инвестиция катары сыпаттады.

«Жаратмандарды салыктан бошотуу – бул айрым адамдарга берилген белек эмес. Бул жаңы кыргызстандык компаниялардын, жаңы жумуш орундарынын, жаңы орто катмардын жана жаңы экономиканын жаралышына жасалган инвестиция», - деди ал.

Мындан тышкары ал мурда колдонулуп келген «адегенде салык төлө, анан өнүк» деген принциптин ордуна жаңы модель сунушталып жатканын билдирди.

«Бүгүн президент адегенде өсүп-өнүк, бутуңа бекем тур, өнүм жарат, андан кийин гана ири салык төлөөчү бол деген башкача моделди сунуштап жатат. Жөнөкөй тил менен айтканда, мамлекет жаратмандарга салык маселелерине күч коротпогула, аны жаңы өнүмдөрдү жаратууга жумшагыла дейт. Менин оюмча, дал ушул – акылга сыярлык экономиканын өзү».

Ошондой эле төрага Жогорку Кеңеш бул демилгени колдойт ишенерин билдирди.

Эске салсак, Кыргызстанда блогерлерге жана IT-адистерге беш жылдык салык каникулдарын берүү жөнүндө жарлыктын айланасында кызуу талкуулар жаралды. Коомчулук мындагы карама-каршылыкка көңүл бурууда: жергиликтүү жылдыздардын бир жарнамалык ролигинин баасы 1000 доллардан башталып жаткан кезде, мамлекет инфлюенсерлерди салыктан толугу менен бошотууну пландаштырууда.

Scroll to Top