Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-сезонун ачат. Октябрь айында кайсы чыгармалар коюлатКыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюштуБишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз Насыров
«Ала-Арча» жаратылыш паркына кирүүнүн баасы көтөрүлдү
11.06.2026 | 12:12

8-июндан тарта «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркына кирүү үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирди. Бул тууралуу парктын администрациясы билдирди.
Эми чоң адамдар үчүн кирүүнүн билети 200 сомдон 250 сомго көтөрүлдү. 7 жаштан 14 жашка чейинки балдар үчүн кирүүнүн баасы 180 сомду түздү. Ал эми 7 жашка чейинки балдарга паркка кирүү акысыз бойдон калды.
Ошондой эле паркка бир электромобиль менен кирүүнүн акысы 80 сомго жогорулап 880 сомду түздү.
Парктын жетекчилиги эс алуучуларды сапарын пландаштырууда жаңы бааларды эске алууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Ала-Арча паркы