Кыргызстан менен Монголия кино тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту

10.06.2026 | 10:45
Кыргызстан менен Монголия кино тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту — новости Кыргызстана

9-июнда Кыргызстандын Кинематография департаменти менен Монголиянын Улуттук кино кеңешинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. КРдин Маданият министрлигинин маалыматында, документ эки өлкө ортосунда кино тармагында тажрыйба алмашууну жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт.

Кол коюу аземине Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал жана Монголиянын Улуттук кино кеңешинин өкүлү Оргилмаа Бат-Эрдэнэ катышкан. Анда тараптар кинематографисттердин эл аралык фестивалдарга катышуусун арттыруу жана кесиптик байланыштарды бекемдөө маселелерин талкуулашкан.

Министрликтин маалыматында, учурда Кыргызстанда Монголиянын кино күндөрү өтүүдө. Анын алкагында кыргызстандык көрүүчүлөргө монгол режиссёрлорунун эл аралык сыйлыктарга татыган тасмалары көрсөтүлүүдө. Бул иш-чара эки өлкөнүн маданий байланыштарын кеңейтүүгө багытталган.

Scroll to Top