Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Бишкекте Магистрал көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоого жабылат
30.06.2026 | 10:34

1-июлдан тарта Бишкек шаарындагы Магистрал көчөсүнүн Садырбаев көчөсүнөн Манас айылы көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Чектөөлөр аталган тилкеде жүргүзүлө турган курулуш жана реконструкциялоо иштерине байланыштуу киргизилүүдө.
Мэрия айдоочуларды жол жүрүү багыттарын алдын ала пландаштырууга жана альтернативдүү жолдорду колдонууга чакырды.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом