Гидроскутер ээсине протокол түзүлдү — Ысык-Көл ОИИБ

30.06.2026 | 10:15
Гидроскутер ээсине протокол түзүлдү — Ысык-Көл ОИИБ — Новости Кыргызстана

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери скутерлердин ээси менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ага карата административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүштү. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына облустук ИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

«2026-жылдын 29-июнунда Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жайгашкан "Лазурный берег" пансионатынын жээгинде гидроскутерди туура эмес айдагандыгы үчүн бул жаранга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ага протокол түзүлдү», — деп билдирди ИИБдин кызматкери.

Өз кезегинде суу транспортунун ээси аны ижарага берип жатканда кардарларга пирске жакын барбоо керектигин эскертишкенин, бирок алар тил албай коюшканын кошумчалады. Ал мындан ары мындайга жол бербөөгө убада берип, гидроскутерди ижарага алгандарды көзөмөлдөөнү күчөтөрүн айтты.

Эскерте кетсек, Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылындагы пансионаттардын биринде эс алуучулар пирске өтө жакын аралыкта жүргөн гидроскутерлерди видеого тартып, Reporter.kg редакциясына жөнөтүшкөн болчу.

Scroll to Top