Кыргызстанда 261 миң гектар аянтта дан эгиндери жыйналды

06.08.2026 | 10:15
Кыргызстанда 261 миң гектар аянтта дан эгиндери жыйналды — Новости Кыргызстана

Учурда Кыргызстан боюнча жалпы 261 миң гектар жерден дан эгиндери жыйналды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалымдап, оруп-жыюу иштери уланып жатканын билдирди.

Өлкө боюнча буга чейин жыйналган буудайдын аянты 139 миң гектарды түзөт. Ал эми арпа даны 121 миң гектар аянтта жыйналды. Мындан тышкары 770 гектар аянттан жүгөрү, ал эми 200 гектар жерден чанактуу эгиндер жыйналды.

Министрликтин маалыматында, түшүм жыйноо боюнча Чүй облусу алдыда турат. Анда жалпы 140,1 миң гектар аянтта эгиндер жыйналып, белгиленген пландын 50,8%ы аткарылды. Ош облусунда 527 миң гектар жер (56,8%) орулуп бүттү. Жалал-Абад облусунда план 52,9%га, Талас облусунда 10,9%га аткарылган. Ал эми Ысык-Көл жана Нарын облустарында жумуштар уланууда.

Scroll to Top