Кыргызстанда ооруларды аныктоо жана дарылоо боюнча бирдиктүү стандарт иштелип чыкты

12.11.2026 | 11:10
Кыргызстанда ооруларды аныктоо жана дарылоо боюнча бирдиктүү стандарт иштелип чыкты — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда жугуштуу эмес жана онкологиялык ооруларды аныктоо, дарылоо жана шашылыш медициналык жардам көрсөтүү боюнча 60тан ашык алгоритм иштелип чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул стандарттар жүрөк-кан тамыр ооруларын, бөйрөк патологияларын, сепсистик жана шоктук абалдарды, ошондой эле онкологиялык илдеттерди камтыйт. Ошондой эле стандарттык операциялык жол-жоболор, (СОЖ), жол карталары киргизилип, бейтаптарды так багыттоо механизмдери түзүлүп жатканы айтылды.

Аталган эрежелерди түшүндүрүү максатында 10–12-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында улуттук борборлордун, стационарлардын, борбор калаанын жана Чүй облусунун үй-бүлөлүк медицина борборлорунун адистери үчүн окутуулар өтүүдө. Ал эми Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынын медицина кызматкерлери үчүн окуу онлайн уюштурулган.

Министрлик бул иш-чаралар бейтаптарга жашаган жерине жана мекеменин деңгээлине карабастан медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылууга, өлүм жана майыптык тобокелдиктерин азайтууга багытталганын билдирди.

Scroll to Top